• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 234 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 234 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 38 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, 24-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403кө жетти. Илдеттен 980 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий