• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 253 изилдөө жүргүзүлдү – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 253 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 450 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ге жетти. Алардын ичинен 2916 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 99 адам (+7 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий