• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 322 изилдөө жүргүзүлдү - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 322 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүүдөн өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1082ге жетти. Алардын ичинен 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий