• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 370 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 370 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-февралдан тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 59 миң 176ны түзөт. “Алардын ичинен 58 миң 30 изилдөө жүргүзүлгөн. Ал эми сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 370 изилдөө жүргүзүлдү”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий