• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 600 изилдөө жүргүзүлдү – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 600 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 361 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ге жетти. Алардын ичинен 3053 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 116 адам (+4 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий