• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 722 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 722 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 269 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5017ге жетти. Алардын ичинен 2294 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 50 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий