• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 767 изилдөө жүргүзүлдү – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 767 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 552 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 9910го жетти. Алардын ичинен 3236 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 125 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий