• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 955 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 955 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 506 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жуктурган 506 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ни түзөт. Алардын ичинен 2655 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий