• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 95 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 95 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 421 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 538ге жетти. Алардын ичинен 4995 адам коронавирустан айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 149 адам (+2 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий