• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 17 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 17 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 235 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ге жетти. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 47 адам (+ 1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий