• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 196 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 196 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 207 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3726га жетти. Алардын ичинен 2082 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 42 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий