• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 212 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 212 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 250 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4204кө жетти. Алардын ичинен 2162 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий