• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 770 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 770 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 32 миң 293тү түзөт. “Ал эми алардын ичинен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 31 миң 659ду түзөт. Сутка ичинде 770 изилдөө жүргүзүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий