• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда М.Ганди көчөсүндө 40 тонналык контейнер толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 8-кичи райондо батирде үй эмереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Горный-Серофимовка айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 106 чары метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында ачык аянтта 40 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Садовое айылында ачык аянтта жыйылган 350 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Москва көчөсүндө цехтин ичинде 1 даана тытуучу агригат жана 30 даана жаздык күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында короодо жыйылган 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында ачык аянтта 150 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде-Арал айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 100 боо жүгөрү сабагы, 10 түк чөп жана 1 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Таш-Сарай айылында ачык аянтта 50 сотык куураган чөп жана 15 түп бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий