• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Таласта унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында ашкананын ичинде газ плита, жыгач пол, кир жуугуч, шкаф күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында жалпы аянты 72 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук айылында “Хонда Фит” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылында “Фолксваген-Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Үч-Булак айылында турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий