• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сай айылында короодо жыгач устундуу шифер менен жабылган 210 чарчы метр болгон сарай жана 2000 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылындагы Кара-Кечүү тилкесинде жалпы аянты 300 чарчы метр болгон кампанын 180 чарчы метри күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Баткен облусунун Кызыл-Кия шаарында көп кабаттуу турак үйдүн жанында “Хонда СРВ” үлгүлсүндөгү жеңил унаанын салону күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий