• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Кара-Буурада унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Тамчы-Булак айылында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Бакай–Ата конушунда жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылында короодо жыйылган 500 түк чөп жана 50 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында жыгач устунду тунуке жабылган аянты 40 чарчы метр болгон бастырма, 300 түк чөп жана 200 түк саман толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Абад айылында жыгач устунду шифер жабылган эки кабаттуу аянты 64 чарчы метр болгон сарайдын чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Благовещенко айылында аянты 54 чарчы метр болгон тунуке менен жабылган бастырманын чатыры жана 4 куб метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий