• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жыгач устунду тунике жабылган турак үйдүн 40 чарчы чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында жыгач устунду тунике жабылган турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдардын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий