• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Эне-Сай конушунда ачык аянтта 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби тамеки чегүүдөгү этиятсыздык.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Биринчи Май айылында аянты 20 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жолдун жээгинде “Honda Fit” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Манас районундагы Кара-Арча айылында короодо 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 470 чакырымында “Toyota Estima” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий