• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Араванда турак үй күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районундагы Гүлбаар айылында жайгашкан турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылында сарайда жыйылган 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Калинин айылында аянты 20 чарчы метр сарай жана 400 түк чөп күйгөн. Натыйжада, өрт кошуна жайгашкан турак үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер жабылган үйдүн 32 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дружба айылында жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 32 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Прогресс айылындагы Нишанов көчөсү №34 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жыгач устундуу тунуке жабылган 2 кабаттуу сарайынын 70 чарчы метр чатыры жана 450 түк чөп күйгөн. Натыйжада өрт Нишанов көчөсү №95 дарегинде жайгашкан турак үйгө өтүп, жыгач устундуу тунуке жабылган 2 кабаттуу сарайдын 48 чарчы метр чатыры, 480 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Коммунист айылында сарайда 4,5 тонна жыйылган чөп жана 300 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 75 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кыргыз-Каба айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана жыйылган 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий