• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Токмок шаарында “Алия” кафесинин 25 чарчы метр ашкана бөлмөсү жана азык-түлүктөрү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Буйга айылында жалпы аянты 350 чарчы метр болгон Ж.Абидинов атындагы орто мектеп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында “Гольф-2” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарында турак үйдүн 19 чарчы метр эки бөлмөсүнүн жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий