• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Кочкордо унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында күрүч тазалоочу жайдын 48 чарчы метр чатыры, 3 даана эшик, 3 даана терезе жана 2 станок күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылында гараждын ичинде Volkswagen Passat үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Ош облусунун Ноокат районундагы Шакар-Кыштак айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 50 чарчы метр чатыры, 150 боо жүгөрү сабагы, 30 түк чөп, 20 түк саман жана 500 кг отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунда жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 40 чарчы метр чатыры жана 30 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий