• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталган

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунун Бобулов көчөсүндө аянты 150 чарчы метр гараж жана “Тойота” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Махатма Ганди көчөсүндө 3 кабаттуу турак үйдүн 2-кабатында уктоочу бөлмөнүн 40 чарчы метр аянты жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт болгон жерден 12 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында турак үйдүн 6 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн шаарындагы Чапаев көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры жана 50 түк чөп, 2 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий