• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунда жеңил унаадан өрт чыккан. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кум-Арык айылында ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында сарайдын 45 чарчы метр аянты жана 200 түк чөп күйгөн, экинчи сарайдын 75 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарында “БМВ” үлгүсүндөгү жеңил унаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылында жалпы аянты 66 чарчы метр сарай жана 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кызыл-Кыя шаарына караштуу Совхоз айылында 119 чарчы метр сарай жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Пикир

Оставить комментарий