• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаары 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жыгач устундуу темир жабылган “Центр плова” кафесинин 8 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы ВЛКСМ айылында турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий