• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1, Талас облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Жыгач конушунда жалпы аянты 80 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында турак үйдүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Манас районундагы Ак Таш айылында жалпы аянты 240 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң Сары-Ой айылында короодо 750 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий