• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылында темир калай менен жабылган аянты 270 чарчы метр сарай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарай 84 чарчы метр жана 200 түк беде, 500 түк саман, жанында жайгашкан жыгач устунду калдыркан менен жабылган бастырма аянты 100 чарчы метр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында жыгач устундуу 2 кабаттуу сарай аянты 120 чарчы метр жана 1500 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сай-Коргон айылында 2 кабаттуу мал сарайдын 32 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто Азия айылында шифер менен жабылган бетон устундуу 252 чарчы метр сарай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кыргызстан айылында ачык аянтта бактар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында короодо жыйылган саман чөп күйгөн. Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында короодо аянты 20 чарчы метр болгон мончо күйгөн. Өрттүн себеби жылуулук берүүчү агрегаттарды жана түзүлүштөрдү жасоодо конструкциянын жетишсиздиги.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында турак үйдүн ичинде 3 метр электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Төө айылында турак үйдүн 1 чарчы метр меши күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий