• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, бир адам күйүк алган

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 2, Талас облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынынЛенин районундагы Арча-Бешик конушунда “Жигули” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Чүй облусунун Сокулук районундагы Алтын-Ордо жаңы конушунда жалпы аянты 35 чарчы метр жыгач устундуу калай жабылган времянканын чатыры, шыбы, жууркан-төшөктөр, китептер, отун, тезек күйгөн. Өрттүн натыйжасында 39 жаштагы адам эки колу, жамбашынан күйүк калган. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий