• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылында бастырманын 36 чарчы метр чатыры, 250 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Чапаев айылында короодо жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Чүй облусунун Москва районундагы Кош-Дөбө айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 900 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп, 1 тонна арпа күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Геолог база кичирайонунда турак үйдүн ичинде 2 чарчы метр үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби тамеки тартууга этиятсыздык.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев айылында короодо жыйылган 580 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Чолок айылында короодо жыйылган 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен шоктугу.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен шоктугу

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Бирдик айылында короодо жыйылган чөптөн өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Ош облусунун Араван районундагы Кара-Жантык тилкесинде жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 252 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп, 1500 боо жүгөрү сабагы, 50 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын туура эмес туташуусу.

Ош облусунун Өзгөн районундагы 15 жаш айылында жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 170 чарчы метр чатыры, 500 түк чөп, 20 тонна чөп күйгөн. Өрттүн кесепетинен жанаша салынган үйгө өтүп, 2 кабаттуу жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 54 чарчы метр чатыры жана 2 тонна чөп күйгөн. Азыркы учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий