• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Ошто турак үй толугу менен күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө аянты 40 чарчы метр болгон 2 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 9 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында Audi A6 үлгүсүндөгү автоунаанын арт жагы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий