• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Жыгач конушунда Фольксваген Гольф-4 жеңил унаасынын салону күйгөн. Өртүн себеби электр зымдарынын кыска чагылышуусу.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молодовановка айылында 100 чарчы метр жыгачтан жасалган үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Балыкчы шаарында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатырынын 12 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Азыз айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабатуу сарайдын чатыры толугу менен жана 100 боо чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий