• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 29 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде республиканын аймагында 29 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 31 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинское айылында короодо жыгач устунду шифер менен жабылган 45 чарчы метр сарай жана 5 куб метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында короодо 400 түк беде, 100 түк саман чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинское айылында ачык аянтта 4 га алма бак жана куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Шарк айылында жыгач устунду шифер менен жабылган сарайдын 20 чарчы метр чатыры жана 100 түк беде, 50 даана жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Бий-Мырза айылында жалпы аянты 45 чарчы метр сарай толугу менен жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында жыгач устунду тунуке менен жабылган аянты 18 чарчы метр турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи районунда контейнердин 15 чарчы метр жыгачтан жасалган дубалы жана 7 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий