• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана жумшак керебет күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарында Атуш кафесинин 3 бөлмөсүнүн 53 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Исфана шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 25 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий