• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Кара-Балтада жеңил унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районундагы Винсовхоз айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 180 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында жолдун жээгинде “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында короодо 2 миң түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында короодо 2,5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаман-Адыр айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 56 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдардын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий