• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Ноокатта турак үй толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Ноокат районундагы Барын айылында аянты 60 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Чүй облусундагы Сокулук районунун Сокулук айылында жайгашкан электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий