• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында аянты 169 чарчы метр сарай, 250 түк жайылган чөп жаана 100 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Айлин" ашканасынын 20 чарчы метр ички жасалгасы жана мештин тегереги күйгөн. Өрттүн себеби мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Тажик-Кыштак айылында жыгач устунуду шифер жабылган турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры жана 22 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Зарыктар айылында аянты 70 чарчы метр эки кабаттуу бастырма толугу менен жана 25 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий