• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарынын С.Ахмедов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 50 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Лиза Чайкина көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Шаты айылында Аudi үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында электр мамычасы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий