• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылында жыгач устундуу темир жабылган “Күн-Чыгыш” азык-түлүк дүкөнүнүн 450 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдүн 16 чарчы метри жыгач шыбы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында суугат тутум башкармалыгынын аймагында көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 36 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий