• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Хунчи айылында “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылында сарайдын 40 чарчы метр аянты, 30 чарчы метр бастырма жана 400 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында унаа оңдоочу жайда аянты 42 чарчы метр уктоочу бөлмө жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосун айылында токой чарбага тиешелүү аянты 40 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий