• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Изюм” кафесинин 180 чарчы метр дубалы жана кафенин эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Хунчи айылында ачык аянтта 20 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Ничке-Суу айылында ачык аянтта 30 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий