• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда Жогорку Төкөлдөш конушунда турак үйдүн 15 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында сарайдын ичинде 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында турак үйдүн уктоочу бөлмөсүндө аянты 20 чарчы метр үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Исфана шаарында жол боюнда “Ауди-80” үлгүсүндөгү жеңил унаа күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында короодо 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Комсомол айылында короодо 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Ош облусунун Ноокат шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 77 чарчы метр үч бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий