• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу эстелик жасоочу ишкананын 45 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жалпы аянты 24 чарчы метри болгон сарай жана ичинде отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылындагы турак үйдүн 3 чарчы метр морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Бор-Баш айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 40 түк чөп жана 300 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдүн 60 чарчы метр жыгач шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында мончонун 6 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Пикир

Оставить комментарий