• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Месароша менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыктын кесепетинен “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Кулиев көчөсүндө турак үйдүн темир устундуу тунуке менен жабылган 130 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облустук Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы курулуш-чарба дүкөнүнүн 400 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен районунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарындагы азык-түлүк дүкөнүнүн 10 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий