• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагынын Агартуу айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында турак үйдүн 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагындагы Тажик-Кыштак айылында жыгач устундуу шифер жабылган аянты 50 чарчы метр болгон сарай толугу менен, 50 түк чөп жана 20 боо отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий