• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20./Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 2 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 6 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3304 учур катталды, алардын ичинен 3038 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 3-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 128 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 184тү түзөт. Алардын ичинен 43 миң 278 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий