• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 жана Баткен облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 38 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 948 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 141 медкызматкер айыкты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 39 миң 919га жетти. Илдеттен жалпы 31 миң 822 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 468ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий