• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө боюнча 11 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 11 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 4 жана Жалал-Абад облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 31 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 959 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 178 медкызматкер айыкты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 40 миң 177ге жетти. Илдеттен жалпы 32 миң 229 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 474тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий