• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 125 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 125 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 63, Чүй облусунда 7, Ош шаарында 16, Ош облусунда 10, Баткен облусунда 13, Ысык-Көл облусунда 7, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1781 учур катталды, алардын ичинен 560 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери. Илдеттен 3460 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий