• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 981 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 242 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 40 миң 759га жетти. Илдеттен жалпы 33 миң 27 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 484тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий