• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө боюнча 17 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 17 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 2, Ысык-Көл облусунда 3 жана Баткен облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 928 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 25 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 39 миң 162ге жетти. Илдеттен жалпы 30 миң 764 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 451ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий